Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Түндүк-түштүк жолу үчүн Кытайдан 59 млн. доллар грант алуу пландалууда


Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. 2021-жыл.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. 2021-жыл.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун курулушуна Кытайдан 59 млн. доллар грант алууну пландап жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анын 24 миллион доллары (264 млн. 134 миң юань) үч эстакадалык көпүрө, кар көчкү тоскон эки галерея курууга жумшалат. 59 миллион доллар толугу менен кайтарымсыз грант түрүндө берилет.

Ал эми 35 миллион доллар Жалал-Абад шаарында 25 чакырымдык айланма жол курууга коротулат.

Маалыматта Экономика жана коммерция министрлиги быйыл май жана июль айларында эки долбоор боюнча резюмени Кытай өкмөтүнө жөнөткөнү, учурда ал маселе каралып жатканы айтылат.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя алынган. Анын 560 миллиону өздөштүрүлгөнү айтылган.

Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Туура бир жыл мурда жолдун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген. Кара жол Көкөмерен жана Нарын дарыясын жээктеп салынган. 100 чакырым жолдун 87 чакырымы мурда жол түшө элек аймактардан өткөн. Ушул жылдын башында Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылган.

Быйыл жазында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн окуялар катталган жана Жогорку Кеңеште жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG