Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Жапониялык компания Кыргызстанда чакан ГЭС курмай болду


Жапониянын Muroo Systems Cо компаниясынын президенти Жонсинг Пан жана энергетика министри Таалайбек Ибраев. Министрлик тараткан сүрөт.
Жапониянын Muroo Systems Cо компаниясынын президенти Жонсинг Пан жана энергетика министри Таалайбек Ибраев. Министрлик тараткан сүрөт.

Жапониянын Muroo Systems Co компаниясы Каракөлдө чакан ГЭС курмай болду. Буга байланыштуу жол картасына жана өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жапониялык компаниянын президенти Жонсинг Пан кол коюшту.

Аталган министрликтин 20-декабрдагы маалыматына караганда, чакан ГЭС куруу жөнүндө долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу каралууда. Тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жонсинг Пан Чакан ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгилеген.

Министр Таалайбек Ибраев быйыл ноябрда Жапонияга болгон иш сапарында Muroo Systems Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча презентация жасаган.

Өткөн жылы Энергетика министрлиги өлкө аймагында 48 чакан ГЭС курууга ниеттенген 20 компанияга күбөлүк берген. Бийлик ГЭСтер өндүргөн электр кубатын 15 жыл бою 3 сом 27 тыйындан сатып алып, элге кайра арзандатылган баада сатууга убада берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG