Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

Казакстан: Жылуулук борборлорунун жарымы авариялык абалда экени аныкталды


Чыгыш Казакстан облусу. 8-ноябрь, 2022-жыл
Чыгыш Казакстан облусу. 8-ноябрь, 2022-жыл

Казакстанда 37 Жылуулук электр борборунун 19у авариялык абалда экенин энергетика министри Болат Акчулаков 20-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, «тобокел» зонаны аныктаганда жабдуулардын эскиргени, технологиялык эреже бузуулар, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы белгилүү болгон. Энергетика министрлиги ЖЭБдерди ремонтоо үчүн миллиардаган тенге талап кылынарын билдирди.

Ноябрдын этегинде Павлодар облусундагы Экибастуз шаарындагы ири авариядан улам жүздөгөн үйлөр жана социалдык жайлар кычыраган суукта жылуулуксуз калган. Шаарда 8-декабрга чейин чукул кырдаал киргизилген.

Ал окуя Казакстандагы инфраструктуралардын эскилиги жеткенин ачыктаган.

Расмий түрдө буу казандардын бири кызматкерлердин катасынан улам иштен чыкканы айтылган. Бирок Коррупцияга каршы кызматы тармактагы паракорлук аварияга алып келгенин билдирген.

Жылуулук менен камсыздоо маселеси башка региондордо да пайда болгон. 10-декабрда Семейде 36 көп кабаттуу үйдө абанын температурасы нормадан төмөндөп кеткен. Бир нече күндөн киийн ошол эле шаарда ЖЭБде өрт чыккан.

Өткөн жумада Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги жылуулук менен камсыздоо тармагын модернизацилоого 15 жыл кетерин, ага чоң суммадагы каражат талап кылынарын билдирди.

XS
SM
MD
LG