Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Зеленский катуу кармаш жүрүп жаткан Бахмут шаарына барды


Бахмут шаары. Ноябрь, 2022-жыл
Бахмут шаары. Ноябрь, 2022-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде Донецк облусундагы Бахмут шаарына барып кайтты. Бир нече жумадан бери ал жер айыгышкан салгылашуулардын очогу болуп келатат. Президенттин алдын ала жарыяланбаган сапары тууралуу коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди. Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров мамлекет башчы Бахмуттагы майдан тилкесине барып, жоокерлерге сыйлыктарды тапшырганын айтты.

Май айынын ортосунан бери орус аскерлери Бахмутту ракеталар менен аткылап келди, августта шаардын жака белине чейин жакындашкан. «Медуза» басылмасы жазгандай, жайдын этегинен бери негизинен вагнерчилерден турган орус бөлүктөрү бир нече километр алдыга жылды.

Бахмуттун 70 миңдей жашоочуларынын көбү башка жерлерге качып кеткен, негизинен кары-картаңдар калган. Шаарда суу, электр жарыгы жок, көпчүлүк имараттар талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG