Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды


Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы бүгүн, 20-декабрда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Койчиев 2021-жылы дагы президенттин кеңешчисчи болуп иштеген. Быйыл июнь айында Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары болуп дайындалган.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Алтынбек Жумаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчынын кеңешчиси кызматынан бошотулду. Жумаев бул кызматта августтан бери иштеп келаткан. Анын кайсы жумушка өткөнү айтылган жок.

Арслан Койчиев 55 жашта, тарых илимдеринин кандидаты, "Кыргыз тарых коому" эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, "Токтогулдун маданий мурасы" коомдук фондунун президенти. "Мисмилдирик", "Бакшы жана Чынгызхан" тарыхый романдарынын автору. "Азаттык", Би-Си-Си медиаларында эмгектенген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG