Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ачкачылык кармап жаткан Суранованын абалы боюнча апасына маалымат берилди


Перизат Суранованын апасы №1 тергөө абагына барды. 20-декабрь, 2022.
Перизат Суранованын апасы №1 тергөө абагына барды. 20-декабрь, 2022.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын санитардык бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Иманбеков абакта ачкачылык кармап жаткан активист Перизат Суранованын абалы тууралуу анын апасына маалымат берди.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Суранованын апасы абалы кескин начарлап кеткени айтылган кызынан кабар алганы барган. Бирок алардын жолугушуусуна мүмкүн болгон эмес.

"Иманбеков Перизат Суранова азыр суу ичип жатканын, тамактан баш тартып жатканын айтты. Ден соолугун козөмөлдөп жатышканын билдирди", - деди укук коргоочу.

Буга чейин эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасына көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармап жаткан Перизат Суранованын абалы начар экенин, ооруканага жаткырууну суранып жатканын жазган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптага чукулдады. Алардын ичинен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 20-декабрда эртең менен Бишкектеги жеке диагностикалык борборлордун бирине жеткирилгени кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG