Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Сөз эркиндигинин абалына кооптонгондор кол топтой башташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалына тынчсыздануусун билдирген жергиликтүү жана чет элдик журналисттер, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, эксперттер “Сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоо! Кыргызстандын журналисттерин куугунтуктоону токтотуу!” деген ураан менен кол топтой башташты. 22-декабрга карата петицияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Литва, Молдова, Улуу Британия, Франция өлкөлөрүнүн, «Журналисттерди коргоо комитетинин», «Justice for Journalists Foundation», «Чек арасыз кабарчылар» жана башка уюмдардын, жалпысынан 60тан ашуун адамдын жана мекеме-уюмдун колу коюлду.

Анда Кыргызстанда бийлик сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым кылып жатканы, маалыматтын ачыктыгын жана пикирлердин эркиндигин талап кылгандар саясий куугунтукка кабылып жатышканы белгиленди. Коррупцияны ашкерелеп келген иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганына, Next TVнын жетекчиси соттолгонуна, “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөнүнө,

30дай журналист, блогер жана активист камакта отурганына көңүл бурулду.

Кайрылууга кол койгондор Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Кеңешинин, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тийиштүү органдарын Кыргызстандагы демократиянын абалына көңүл бурууга чакырышты.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткандар тууралуу:

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деген. Жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеген мамлекет башчысы ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG