Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Иранда актер Хоссейн Мохаммади өлүм жазасына өкүм кылынды


Актер Хоссейн Мохаммади.
Актер Хоссейн Мохаммади.

Иранда нааразылык акциясы учурунда Басижи аскердик кошуунунун мүчөсүнүн өлүмүнө байланыштуу өлүм жазасына өкүм кылынган беш кишинин катарында актер Хоссейн Мохаммади да бар.

Өкүм үч соттук угуудан кийин эле чыкканын “Фарда” радиосу маалымдады.

Актердун досу жана кесиптештери ал 5-ноябрда камалганын айтып беришкен. Көп узабай Мохаммади жакындарына чалып, "калпыстык" жакын арада чечилерин, аны бошотушарын айткан.

Бул ишке байланыштуу дагы 11 киши, арасында 18ге чыга элек үч бала узак мөөнөткө абакка кесилди.

Мохаммадинин өкүмү белгилүү болору менен таанымал кино жана театр ишмерлери аны ишке ашырууну токтотуп турууга чакырышты.

Ирандагы Адам укуктары борбору билдиргендей, ушу тапта 11 кишиге өлүм жазасы чыкты, сот жараяндары мыйзам бузуулар менен өткөн. Дагы 25 киши өлүм жазага өкүм кылынышы мүмкүн.

Буга чейин Мохсен Шекари менен Мажидреза Ранавард дарга асылган.

Хижаб мыйзамын бузган деп кармалган студент кыз Махса Амининин камакта көз жумганы Иранда нааразылык акциялардын тутанышына алып келген. Полиция аларды күч менен басканда 400дөн көп киши набыт болгонун адам укуктарын коргоочулар маалымдаган. Жүздөгөн демонстрант, журналист, адвокат, активист, укук коргоочулар камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG