Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Журналисттер Мариуполдо 10 миңден ашуун мүрзө табышты


Мариуполдун четиндеги көрүстөн. 9-ноябрь 2022-жыл
Мариуполдун четиндеги көрүстөн. 9-ноябрь 2022-жыл

Associated Press агенттигинин журналисттери орус аскерлери Украинага басып киргенден бери Мариуполдо 10 миңден ашуун мүрзө табышты.

Ар биринде бир нече сөөк коюлган болушу мүмкүн. Өз иликтөөсүндө журналисттер спутниктен тартылган сүрөттөрдү, дрондордон жана жерден тартылган жүздөгөн видео, шаар тургундары менен маектерди пайдаланган.

Үч соттук археолог анализ реалдуулукка дал келерин тастыкташты.

Маалыматка караганда, айрым мүрзөлөрдө кол менен даталар гана жазылган. Журналисттердин колуна орус аскерлери узун траншеяларды казып, кийин көөмп салганы түшүрүлгөн видео тийген.

Шаардыктар менен сүйлөшкөндөн кийин иликтөөчүлөр миңдеген кишинин сөөгү көрүстөндөргө коюлган эмес деген жыйынтыкка келди. Сөзгө тарткан 30 кишинин ар бири Мариуполдун камоолу маалында каза тапкан кишилерди тааныйт.

Майдын аягында Азов деңизинин жээгиндеги шаарды орус армиясы ээлеп алганда украин бийлиги камоол учурунда кеминде 25 миң киши набыт болгонун билдирген. Ал эми кабарчыларга жооп бергендер көчөлөрдү тазалаган адамдарга таянып, өлгөндөр мындан үч эсе көп дешет.

Мариупол үчүн айыгышкан күрөш үч айга созулган. Турак жайлар, башка имараттардын көбү жер менен жексен болгон.

Киев Москваны ал жактагы согуш кылмыштары үчүн айыптап келет. Орусия дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG