Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:30

Кемпир-Абад иши: абактагы эки киши ачкачылыкты токтотту


Айданбек Акматов (солдо) жана Азимбек Бекназаров (оңдо)
Айданбек Акматов (солдо) жана Азимбек Бекназаров (оңдо)

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО) отурган саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотту.

Бул маалыматты акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камалгандар менен жолугуп жатат.

Бекназаров ачкачылык кармап жаткандарга тилектештигин билдирип, 15-декабрдан тартып тамак-аштан баш тартканын билдирген. Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 15и ачкачылык кармап жатат. Кыйноолорду алдын алуу борборунун буга чейин билдиришинче, айрымдары бир аптадан бери наар ала элек. Акыйкатчы жана укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Буга чейин 12 адвокаттын турган топ президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар тууралуу соңку билдирүүсүнө байланыштуу кайрылуу жолдогон. Анда өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салынган жана анын айткандары сынга алынган.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде камалгандар тууралуу оюн билдирип, "Кемпир-Абад маселеси төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү чечимин сындап, 22-октябрда жыйын өткөргөнү негиз болгон.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG