Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Кемпир-Абад иши: Депутат Бекешев далил жок болгондуктан тергөө токтоп турганын айтты


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын нааразылык акциясы.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын нааразылык акциясы.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешев бүгүн 22-декабрда парламенттин жалпы жыйынында президент Садыр Жапаровго Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандар боюнча кайрылды. Ал президенттен тергөө органдарынан ишти создуктурбай тергеп бүтүп, сотко өткөрүүсүн талап кылууну, абактагылардын үй камагына чыгуусуна көмөктөшүүнү өтүндү.

Бекешев алардын бийликти алуу деген ою болбогонун, андайга даярдык көрүшпөгөнүн, курал сатып алышпаганын, элди чогултпаганын, резиденция тарапка барбаганын белгилеп, сөз Кемпир-Абадга байланыштуу камалгандар тууралуу гана эмес, абактарда мыйзамсыз кармалып жаткандар жөнүндө да болуп жатканын, президент түздөн-түз кийлигишүүгө укугу жок болсо да кайрылууларды териштирүү үчүн жумуш тобун түзө аларын айтты жана мыйзамсыздыкка жол берген тергөөчүлөрдүн, соттордун жоопкерчилигин кароого чакырды:

“Эгер алардын күнөөсү бар болсо, анда эмне үчүн эки айдан ашык убакыттан бери тергөө жүрбөй жатат? Келгиле, бири-бирин айыптабай, кандай далилдер бар экенин УТРК аркылуу көрсөтөлү. Баары телевизордон түз эфирде көрүшсүн. Бирок андай далилдер жок, ошондуктан тергөө да жок, эч кимди суракка чакырбай жатышат. Эки айдан бери тергөө абагында жөн эле жатышат. Тергөө абактары ошон үчүн ачылды беле? Адамдар ошон үчүн салык төлөп жатышабы эч күнөөсүз адамдарды камакта кармап, аларды багууга?”.

Тергөө жүргүзүп жаткан Ички иштер министрлиги (ИИМ) депутаттын айткандарына азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG