Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

FIDH бийликти Тоолуу Бадахшандагы активисттерди бошотууга чакырды


Хорог шаары.
Хорог шаары.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду, башкы прокурор Юсуф Рахмонду жана юстиция министри Музаффар Ашуриенду Тоолуу Бадахшандагы төрт жарандык активистти боштууга үндөдү.

19-декабрда жарык көргөн кайрылууда айтылгандай, Ульфатхоним Мамадшоева, Фаромуз Иргашев, Хурсанд Мамадшоев жана Манучехр Холикназаровго тагылган айыптар алынууга тийиш.

Укук коргоочулар ошондой эле бийликти өлкө жарандарынын сөз эркиндигин жана тынч чогулуу укугун камсыздоого чакырды.

Алар Мамадшоева кыйноолорго туш болгон деген маалыматтарды текшерүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарылдыгын белгилешти.

Ушул айдын башында Тажикстандын Жогорку соту бадахшандык бир нече активистти узак мөөнөткө абакка кескен. Алар май айында Хорогдогу жана Рушан районундагы окуялардан кийин камалган.

Активисттерге башаламандыктарды уюштуруу, бийликти төңкөрүү чакырыктары жана экстремисттик уюмдарга кирүү деген айыптар тагылып, күнөөлүү деп табылган. Алар өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG