Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Мадумаров Конституциянын сакталышын карай турган комиссия түзүүнү сунуш кылды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңеште өлкөнүн Баш мыйзамынын, адам укуктарынын, конституциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча абалды изилдөө үчүн комиссия түзүү сунушталды. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров айтып, комиссия “тез арада” түзүлүшү зарылдыгын, ага мүчө болуп “ар бир фракциядан коркпой туруп өз пикирин айта турган азаматтар кириши керектигин” белгиледи.

Мадумаров парламентте добуш бергенде депутаттар басымга кабылып жатканын, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасында абалы оорлор бар экенин, жакында өткөн элдик курултай мыйзамсыз болгонун, анын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо үчүн Конституциялык сотко кайрылганы жатканын, комиссия бир айлык мөөнөттө өз жыйынтыгын чыгарышы керектигин айтты:

“Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын соңку кездеги одоно бузулгандыгы жөнүндө комиссия түзүп, иликтемейинче Жогорку Кеңеш өз ишин актабайт, жеп жаткан наныбыз адал болбойт. Биз эл өкүлүбүз. Эгер Конституциянын кепили болгон инсан Конституция менен эсептешпесе, анда эл өкүлү катары биз эсептешишибиз керек. Эмне болгон өлкө болдук биз? Биз түшүнүк, коркунуч менен жашап калдык. Ар бир добуш берип жатканда жүрөгүбүз титиреп калды ушул жерде”.

Мадумаров Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандардын маселесине кайрылып, “Сырттагы душмандан эмес, ичибиздеги беш аялдан коркуп, тор артында кармап отурган болсо бул бийлик жакшылыкка алып барбайт, биздин укугубузду коргой албайт. Комиссия тез түзүлүшүз керек, сөзсүз эле аркасынан ыйлап калбай, алдын ала чара көрүшүбүз керек” деди. Абакта каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевди мисал келтирди.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткандар тууралуу:

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деген.

Жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеген мамлекет башчысы ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Бул иш боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында отурган 20дан ашык кишинин 17си бир жумадан ашык убакыттан бери саясий ачкачылык кармап жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG