Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Депутат Дин комиссиясына аялдардын ордуна эркектер ишке алынганын айтты


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеген үч аял жумуштан алынып, алардын ордуна жалаң эркектер дайындалганын сындап чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынындагы сөзүндө билдирди. Аялдар уюмдарынан кайрылуу түшкөнүн айткан депутат бийлик органдарындагы гендердик теңчилик маселесин көтөрдү:

“Көптөгөн айымдар абдан ачуусу келип, “бүт жактан чектеп, кыскартып жатасыздар” деп кайрылып жатышат. Алардын айтымында, сабаттуу, катардагы кызматтан баштап жетекчинин орун басарлыгына чейин жеткендерди, тажрыйбалуу, кесипкөй үч айымды – Исаеваны, Абылгазиеваны, Осмоналиеваны алып салыптыр. Үч айымдын ордуна үч эркекти алып келиптир”.

“Азаттык” депутаттын бул билдирүүсүнө байланыштуу маалымат же комментарий алуу үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматына кайрылды, азырынча жооп боло элек.

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу органдарында, жергиликтүү бийликте аялдар азайганы соңку жылдары көйгөй болуп келе жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир да аял мэр, облус башчы же аким жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG