Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Депутат Кыргызстанда англис тилин күчтөндүрүүгө чакырды


Миргүл Темирбаева.
Миргүл Темирбаева.

Кыргызстанда англис тилин окутууну күчтөндүрүү сунушталууда. Бүгүн 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз алган депутат Миргүл Темирбаева билим берүүнүн ар бир баскычында үч тилдүү системаны киргизүү сунушун айтып, кыргыз тилинин макамын эч убакта четке какпай турганын, бирок бир гана кыргыз тили менен дүйнөгө аралашуу мүмкүн эместиги реалдуулук экенин, орус тили КМШдагы кошуналар менен баарлашууга колдонулса, англис тили эл аралык аренага жол ачарын, дүйнөдө 70тен ашык өлкө, өнүккөн өлкөлөр ушул тилде сүйлөшөрүн белгиледи:

“Максат – келечек муундун кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөөсүн калыптандыруу, тилдерди жайылтуу гана эмес, эл аралык аренада өлкө кызыкчылыктары менен баалуулуктарын активдүү көрсөтө алган, атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды калыптандыруу. Программаны этап-этабы менен ишке ашырууну сунуштайт элем. Кыргыз тили – мамлекеттик тил. Орус тили – улут аралык байланыш тили. Ал эми англис тили – дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо тили”.

Депутат Темирбаева бул үчүн англис тилин мектептен баштап күчтөндүрүп, айрым сабактарды англисче окутуу туура болорун, мындай кадам тийиштүү даярдыктагы мугалимдерге муктаждыкты жаратарын белгиледи.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG