Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинде кайрылуу жасады


Владимир Зеленский Конгрессте кайрылуу жасап жатат.
Владимир Зеленский Конгрессте кайрылуу жасап жатат.

Шаршембинин кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттардын Конгрессинде кайрылуу жасады. Ал Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Украинага жардам көрсөткөнү үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирди.

"Украина украиналыктардын эрдиги, америкалыктардын колдоосу менен бекем турду, эми ал жеңишке жетет. Украина аман-эсен, күрөшүп жатат. Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды", - деди Зеленский Конгресстин эки палатасы катышкан жыйында сүйлөп жатып.

Украин президенти орус агрессиясынын мизин кайтарууну украиналыктардын жалпы коопсуздук үчүн күрөшү деп атады.

"Эгер биз Орусияны токтотпосок, ал силердин союздаштарыңарга кол салат. Бул согушту кийинкиге калтырууга болбойт, аны жеңиш керек", - деди.

Зеленский америкалыктардын Украинага көрсөткөн каржылык колдоосун "жалпы коопсуздук үчүн инвестиция" деп баалады.

Ал келерки жылы аскердик конфликтте бурулуш болорун божомолдоду.

"Мен билем, бул Украинанын эрдиги жана америкалыктардын чечкиндүүлүгү өз баалуулуктарын жактаган адамдардын эркиндигин камсыздай турган учур", - деди.

Украин президенти Конгресске кайрылуусунда АКШнын Украинага жөнөткөн аскердик артиллериясы жетишсиз болуп жатканын, украин аскерлери америкалык техника, танктарды, учактарды башкарууга жөндөмдүү экенине ишендирди.

Кайрылуунун соңунда Зеленский өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге Бахмутта алдыңкы катарда согушуп жаткан украиналык жоокердин колу коюлган Украинанын желегин тапшырды.

Зеленский конгрессмендерге кайрылуу жасардан мурда АКШ президенти Жо Байден менен Ак үйдө жолугушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG