Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Кыргызстан Кувейтке аба каттамдарын көбөйтүүнү көздөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын 30-декабрынан тартып Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдар ачылат.

Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январь күндөрү аткарат.

Буга чейин Бишкектен Кувейтке жумасына төрт жолу, дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү туруктуу каттам жүргүзүлүп келген.

Кыргызстандын элчиликтери тарабынан быйыл жарым жылда араб өлкөлөрүнө бир катар жаңы авиа каттамдарды ачуу иштери аткарылган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, "Эль-Кувейт-Бишкек-Эль-Кувейт", "Шаржа-Бишкек-Шаржа", "Шаржа-Ош-Шаржа", "Жидда-Бишкек-Жидда" каттамдары боюнча түз авиа каттамдар (чартер) ачылган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG