Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Сексуалдык зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыз боюнча иш кайра тергеле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте сексуалдык эксплуатацияга кабылган 14 жаштагы кыздын окуясына байланыштуу козголуп, кийин жабылган иш кайра тергеле баштаганын “Оазис” уюмунун өкүлү Мээрим Осмоналиева билдирди. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде козголгонун 23-декабрда “Азаттык” радиосуна Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Учурда тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө уланууда” деп билдирди мекеме.

Осмоналиеванын айтымында, кызын бирөөлөр алдап, вебкам бизнеске, коммерциялык секс-индустрияга тартып, зордоп героин жана маңзаттын башка түрлөрүн сайып, чет өлкөлүк эркектердин колуна салып берип, видеого тартып, эл аралык сайттарга сатып жүрүшкөнүн айтып апасы быйыл июнь айында милициянын Биринчи Май, сентябрь айында Октябрь райондук башкармалыктарына кайрылган.

Ишти Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги жеке көзөмөлүнө алышканы белгилүү болду.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG