Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Орусия Борбор Азия өзүнөн алыстаса, кесепети оор болорун эскертти


Орусия-Борбор Азия саммити. Астана, октябрь, 2022-жыл.
Орусия-Борбор Азия саммити. Астана, октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу өкүлү Александр Стерник Борбор Азия Орусиядан алыстап атат деген ишарат болсо, анын кесепети бул аймактагы өлкөлөр үчүн олуттуу болорун эскертти.

Министрликтин үчүнчү департаментинин башчысы мындай ою менен «Коммерсантъ» гезитинин суроолоруна жооп бергенде айтты. Кабарчы чөлкөмдүн Орусияга каршы санкцияларды сактоо өңдүү аракеттерине Москва кандай реакция кыларын сураган.

"Бардык оюнчулардын аракеттерине Орусиянын кызыкчылыктарына залака тийгизип-тийгизген жокпу деген көз караштан баа беребиз...Орусия менен алакаларды азайтуунун кымындай ишараты болсо эле, ири экономикалык кесепеттерге алып келет. Анын чыгымын кожоюндар убада кылган компенсациялар жаба албайт”, - деп айтты дипломат.

Басылма “кожоюн” деп Батышты атаганын тактай кетти.

Стерник Орусия катышкан эл аралык уюмдарда башка бирикмелердегидей “таяк тартиби” жок экенин айтты.

Дипломат “Борбор Азия жана украин кризиси” деген конференцияга катышкан.

Украинага басып киргенден бери Москва Борбор Азиядагы мурдагы советтик өлкөлөрдү өзүнө тартууга аракеттенүүдө. Алар согушту айыптабаганы менен Орусияга колдоосун билдирген эмес жана Батыштын санкцияларын сактарын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG