Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кошалиев абакта отургандарга байланыштуу президентке кайрылды


Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга байланыштуу президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик жетекчилерине кайрылды.

Кайрылуу Жогорку соттун төргасы Замирбек Базарбековго, баш прокурор Курманкул Зулушевге жолдонгон. Анда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгаруу маселеси боюнча Элдик курултайдын делегаттарынын өтүнүчү келтирилген.

"Делегаттардын өтүнүчүн дагы бир ирет сиздердин эсиңиздерге салып, күндөн-күнгө татаалдашып бараткан бул маселени чечүү зарылдыгын белгилейбиз. Абакта жаткандардын басымдуу көпчүлүгү ачкачылык жарыялап, аргасыз акыркы кадамдарга барууда. Адам өмүрүнөн артык эч нерсе жок. Тирешүү, өчөшүү эч качан жакшылыкка алып барбайт. Коомдогу ар кандай татаал маселелерди сүйлөшүү, кепке келүү, тынчтык жолу менен чечүүдөн башка аракеттердин баары алымсыз. Араздашууну токтотуп, ата-бабалардын айкөлдүк жолун карманалы", - деген Кошалиев кайрылуусунда.


Мындан сырткары курултайда сөз эркиндигине дагы көңүл бурулганын айтылган.

Кошалиев өлкөдөгү түзүлгөн саясий-экономикалык кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдалангысы келип, сырткы күчтөрдүн оюндарынан жапа чеккен учурларды дагы унутпоого чакырган. Абакта ачкачылык кармап жаткандарга кайрылып, "аргасыз кадамдарга барып жатканыңыздарды түшүнүү менен, өз өмүрүңүздөргө коркунучтуу болгон кооптуу кадамдан баш тартып, ачкачылыкты токтотууну суранабыз" деп жазган.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. Учурда кармалгандардын 15и ачкачылык кармап жатат. Алар милиция кармаганда одоно мыйзам бузулганын, тергөө жүрбөй жатканын айтып келишет.

17-декабрда президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG