Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Казакстан: Январда окко учкан 12 жаштагы баланын иши токтотулду


12 жаштагы Султан Кылышбек.
12 жаштагы Султан Кылышбек.

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында Алматыда окко учкан 12 жаштагы Султан Кылышбектин өлүмү боюнча кылмыш ишти токтотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" баланын энеси Гаухар Каримбекова айтты.

Октябрда ал тергөө жай жүрүп жатканына Коррупцияга каршы кызматка жана президенттин администрациясына арызданган эле. Ал каттар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

9-декабрда жазылган жоопто мекеме кылмышты ким жасаганы аныкталбагандыктан, иш токтогонун кабарлады.

12 жаштагы Султанга былтыр 5-январда дүкөндүн жанында ок тийген. Андан бир күн мурда тынч акциялар тополоңго айланган.

Каримбекова ал күндөрү шаарда интернет жок болгондуктан, башаламандыктар тууралуу билбегенин, кечки саат 20.00 чамасында тамак-аш дүкөнүнө жөнөгөнүн буга чейин айтып берген. Ал тапта коменданттык саат кечки 11ден башталчу, эскертүүсүз ок ачуу буйругу чыга элек болчу.

Жыл башындагы тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен. Укук коргоочулар бул сан мындан көп деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG