Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

Бээжинде дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөндөр көбөйдү


Кытайдагы оорукана. 21-декабрь, 2022-жыл.
Кытайдагы оорукана. 21-декабрь, 2022-жыл.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телекомпаниясы Бээжиндеги ооруканалар дене табы көтөрүлгөн бейтаптарга толуп калганын бейшембиде маалымдады.
Дарыгерлердин бири бир эле күндө ооруканага түшкөндөрүн саны 100дөн 400гө көбөйгөнүн айтып берди. Алардын көбү өнөкөт илдеттери бар кары-картаңдар.

Кытайдын баш калаасында дары-дармек тартыш болгондуктан тургундар бири-бири менен мобилдик тиркемелерден маалымат алмашууда.

Мамлекеттик медиа кабарлагандай, жергиликтүү бийликтер маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатат, фармацевтикалык компаниялар продукцияны көбөйтүү аракетинде.

Айрым шаарларда температураны төмөндөткөн препараттарды бекер тарата башташты.

Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG