Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Талибдер кыз-келиндердин жогорку билим алышын колдоп чыккандарды күч менен таркатты


Ооган аялдарынын акциясы. Кабул. 22-декабрь, 2022-жыл
Ооган аялдарынын акциясы. Кабул. 22-декабрь, 2022-жыл

Талибдердин коопсуздук күчтөрү Кабулда кыз-келиндерге университеттерге барууга тыюу салуу чечимине каршы чыккан демонстранттарды күч менен таркатты. Бир нече киши кармалганы кабарланууда.

Аялдарды жогорку окуу жайлардан четтетүү эл аралык коомчулуктун жана БУУнун сынына кабылды.

50 чакты хижабчан кыз-келин нааразылыгын билдирип, тынч акцияга чыгышкан. Алар Кабул университетинин жанына чогулмак болгон. Бирок коопсуздук аскерлери ал жерде көп болгондуктан, башка жерге жөнөгөн.

Катышуучулардын бири “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысына айтып бергендей, тартип коргоочулар кыздарды уруп, сабаган. Окуяны чагылдырган бир нече журналист дагы кармалды.

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү окуя тууралуу комментарий берген жок.

Ушул эле күнү Түркия жана Сауд Арабиясы башка мусулман өлкөлөрүнө кошулуп талибдердин соңку чечимин айыптады.

Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул кадам “мусулманчылыкка да, адамгерчиликке да жатпасын” айтты жана чечимди жокко чыгарууга үндөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG