Орусиянын Клинцы шаардык соту 29 жаштагы кыргызстандыкты интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатуу боюнча күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга катаал режимдеги абакка кести.
Бул тууралуу маалымат Клинцы шаардык сотунун сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Новосибирск шаарында жашаган кыргызстандыкка Орусиянын Кылмыш кодексинин "Маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде интернетти) пайдалануу менен, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен ири өлчөмдө баңги каражаттарын мыйзамсыз сатууга аракет кылуу" беренеси боюнча чечим чыккан.
Шаардык соттун маалыматында, кыргызстандык быйыл август айында оператордон мессенжер аркылуу маалымат алып, буйрутманы аткаруу үчүн Клинцы шаарына жөнөгөн. Жолдон Брянск шаарынан таңгакталган баңгизатты алып, оператор айткан дарекке баратканда Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кармалган. Клинцы соту кыргызстандыктын аты-жөнүн тактаган эмес.
Бул маалымат боюнча Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери комментарий бере элек.
Соңку кездери Орусияда маңзат ташып кармалган кыргызстандыктар көбөйгөнү айтылып келет. Бул маселе 26-27-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда да көтөрүлгөн.
Сентябрдагы расмий маалыматка караганда, Орусиянын абактарында 1033 кыргыз жараны отурат (анын 35% баңгизат менен). Ошондой эле 900гө чукул кыргызстандык тергөө абактарында (соттоло элек) камалган.