Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Парижде күрттөрдүн борборунун жанындагы ок атууда үч киши мерт кетти


Ок атуу болгон жер. Париж, 23-декабрь 2022-жыл
Ок атуу болгон жер. Париж, 23-декабрь 2022-жыл

Күрттөрдүн Париждеги коомдук борборунун жанында болгон ок атууда үч киши мерт кетти, бир нече адам жараат алды. Кармалган 69 жаштагы шектүү адам буга чейин расисттик мүнөздөгү зомбулук үчүн камалган экен.

Кол салуу баш калаанын Анген көчөсүндө, борборго жакын жерде болгонун француз маалымат каражаттары кабарлашты. Ал чөлкөмдө эки чоң темир жол вокзалы орун алган. Шектүү күрттөрдүн борбору, ресторан жана чач тарачты көздөй тапанчадан ок аткан. Анын атын полиция шардана кылган жок.

Прокуратура шектүү былтыр мигранттар лагерине кол салганын билдирди. Ал 12-декабарда соттук көзөмөлгө чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG