Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Крымда украинче ыр уккандар камакка алынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусия аннексиялаган Крымдын Киров райондук соту украинче ыр угуп, кошо ырдаганы үчүн үч тургунга айыппул салды. Аларга “нацисттик символдорду эл алдында көрсөтүү” жана “орус армиясын дискредитациялоо” деген айыптар тагылды.

Соттун маалыматына караганда, үч жигит кечинде жергиликтүү дүкөндүн алдында украин тилинде ырларды угуп, ырдашкан. Айыпталуучулар "күнөөлүү экенин" сотто моюнга алып, 11, 12 жана 13 күнгө камалган жана 30 миңден 35 миң рублга чейин айыпка жыгылган.

"Медиазона" басылмасы жазгандай, кармалгандардын бири крымдык Валентин Комиссаренко, ал буга чейин ушундай эле айып менен 45 миң рубль айыпка жыгылган. Тагыраагы, 11-декабрда автоунаасында "Червона калина" деген украин ырын жаңырткан.

Сентябрда Крымдын соту Белогорск техникумунун мугалими Андрей Белозёровду 13 күнгө эркинен ажыратып, 100 миң рубль айып салган. Ал техникумдун имаратында украинча "Байрактар" ырын ойногону үчүн жазаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG