Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Улуттук банк: Быйыл интервенциянын таза көлөмү 295 миллион доллар болду


Улуттук банктын башкы имараты.
Улуттук банктын башкы имараты.

Кыргызстанда быйыл улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалды. Бул тууралуу бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоору талкууланып жатканда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Анын айтымында, сегиз жолку интервенциянын, башкача айтканда, валюта базарына сатыкка доллар чыгаруунун жалпы суммасы 486,5 миллион доллар болду. Мындан тышкары 190,7 миллион доллар валюта базарынан сатылып алынды. Натыйжада, сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болду.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков иштеп чыккан «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоору талкууланып жатат. Анда коммерциялык банктар быйыл кардарлардын валютасын алмаштыруу, акча которуулардан комиссия кармап калуу сыяктуу кызматтары үчүн болуп көрбөгөндөй пайда табышканы, мунун айынан кардарлардын акчасы кыйла азайганы, баалар кымбаттаганы, буга карата чара көрүү зарыл экени айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG