Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Цирк, зоопарктарда жаныбарларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталды


Каракол зоопаркындагы чүткөр (дикобраз).
Каракол зоопаркындагы чүткөр (дикобраз).

Парламент депутаты Дастан Бекешев “Жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Долбоордун негиздемесинде жаныбарларга карата жоопкерчиликтүү, гумандуу мамиле жасоонун жол-жобосу, эрежелери жазылган.

Мыйзам долбоорунда "жапайы, үй, кызмат жаныбарлары жөнүндө" аныктамалар белгиленип, аларга жасалган ырайымсыз мамилеге тыюу салуу чаралары каралган.

Маселен, бардык жаныбарларды цирк жана зоопарктарда пайдаланууга тыюу салынат. Маалыматка ылайык, дүйнөнүн 45тен ашык өлкөсүндө жаныбарларды оюн-зоок багытында пайдаланууга толук же жарым-жартылай тыюу салынган.

2021-жылы “Жаныбарларды коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору да сунушталган. Анда үй жаныбарларын багуунун эрежелери, аларды кармоо шартын жакшыртуу, аларды жок кылуудан коргоо жоболору жазылган.

Талкууда мал союунун эрежелери боюнча талаш чыгып, мыйзам чийки экени айтылып, каралган эмес.

Бишкекте мамлекеттик бир цирк жана өлкөнүн айрым аймактарында чакан зоопарктар бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG