Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Чет элдик жаранды сүзгөн айдоочу камалды


Сүрөт кырсык болгон учурда тартылган видеодон алынды.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Бишкекте орус жаранын машине менен сүзүп кетип, кордук көрсөткөн адам камакка алынганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Орусиянын жараны аны 28-декабрда Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуардан автоунаа сүзүп, айдоочусу кол көтөргөнүн айтып арызданган.

Милиция айдоочу 38 жаштагы жаран экенин аныктап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камаган.

Учурда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“ээнбаштык”) менен кылмыш иши катталды. Тергөө учурунда шектүү Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери экени аныкталган.

Бул окуянын видеосу учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Жабырлануучу Евгений Романов аттуу орус жараны экени аныкталган. Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Евгений Романовду сүзүп, ур-токмокко алган жарандын кечирим сураган видеосун жарыялап, анда айдоочу “Мен кечээ кылган кылыгым үчүн кечирим сурайм. Кимде гана болбойт", - деген болчу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG