Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Бишкектин милиция башчысы үй-бүлөлүк зомбулук азая баштаганын билдирди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев 3-5 күнгө чейин атайын жайда камакка алуу жана түшүндүрүү иштеринен улам өткөн жылдарга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук фактысы аз каттала баштаганын билдирди.

Бул тууралуу Ногойбаев УТРКга курган маегинде айтты.

Милициянын башчысы мурдагы жылдардын статистикасын айткан жок. Анын маалыматында 2022-жылы 102 кызматына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 4172 билдирүү түшүп, анын 3462си аныкталган. Жыйынтыгында 3354 аял, 83 эркек, 26 балага коргоо ордерлери берилген.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көп катталууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG