Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Президент Жапаров АКШнын элчиси Вигерини кабыл алды


Президент Садыр Жапаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
Президент Садыр Жапаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

30-декабрда президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, америкалык элчи президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.

Маалыматта Жапаров Кыргызстан АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка даяр экенин, элчи эки тараптуу мамилени чыңдоого көмөк көрсөтөрүнө ишеним артканы айтылат.

Элчи Вигери эки мамлекет ортосундагы достук мамилени белгилеп, бардык тармакта өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинде Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген Вигери 20-ноябрда ант берип, кызматка киришкен.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Быйыл май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келген. Ал кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” билдирип, “Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев сентябрда эстратегиялык келишимди жаңыртуу боюнча иш жүрүп жатканын маалымдаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG