Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Америкалык адис Саакашвили абакта ууландырылган болушу мүмкүндүгүн айтты


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин организминде оор металлдардын изи табылды. Ал абакта ууланган болушу ыктымал. Мындай бүтүмүн 29-декабрда Тбилисидеги сотто америкалык токсиколог Дэвид Смит билдирди. Бул тууралуу "Настоящее время" телеканалы жазды. Адис саясатчынын тырмактары жана чачтарынан алынган үлгүлөрдөн сымап, мышьяк жана барий чыкканын айтты. Ошол эле маалда Смит жалаң лабораториялык анализдерге таянып уулануу диагнозун коюу мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул үчүн бейтаптын абалына терең байкоо жүргүзүү керек.

Саакашвили жети ай мурун абактан ооруканага которулган. Токсиколог сөз болгон заттар дарылоо үчүн пайдаланылган эмес деп кошумчалады.

Саясатчынын жакындары жана тарапташтары аны түрмөдө ууландырышканын айтып келатышат.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Саакашвили кийин украин жарандыгын алып, ал жакта жогорку кызматтарды ээлеп жүрдү.

Мекенине 2021-жылдын сентябрында мекенине кайтып баратканда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде дароо кармалып, алты жылга кесилген. Ушу тапта кызматынан кыянат пайдаланууга байланышкан эки иш боюнча жазасын өтөп жатат. Ага 2007-жылы "Имеди" көз карандысыз телеканалын басып алуу жана оппозиция уюштурган митингди ырайымсыз таркатуу айыбы тагылган.

Экс-президент мамлекеттик ири каражатты максатыз короткон жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп күнөөлөнүп жатат. Ал иштер азыр сотто каралууда.

XS
SM
MD
LG