Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:01

Президент баштаган жетекчилердин кирешеси тууралуу маалымат жарыяланды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы президент баш болгон бардык саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Ага ылайык, президент Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом киреше тапкан. Документте Жапаровдун 0,6 гектар жерге ээ экени жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы 1 000 471 сом киреше тапкан. Орун басарлары Адылбек Касымалиев 896 658,87 сом, Эдил Байсалов 4 172 468 сом тапкан. Мурдагы орун басарлары Арзыбек Кожошев 735 760 сом, Азиз Аалиев 355 286 сом киреше тапкан.

Парламент спикери Нурланбек Шакиев 2021-жылы 1 40819,26 сом тапкан.

Кыргызстандын мыйзамдарында саясий кызматтарды ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлктөрүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан.

Буга байланыштуу кыргыз бийлиги жогорку кызматкерлердин мүлктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуу боюнча бир катар демилгелер менен чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG