Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

ТИМ Кытайга баруу эрежелери жөнүндө маалымат таратты


Кытай. Архив сүрөт.
Кытай. Архив сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытай мамлекетине барган жарандарга карантиндик эрежелердин өзгөргөнү тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 2023-жылдын 8-январынан тартып Кытайга келүү үчүн чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен саламаттыгы жөнүндө QR код алуу талабы жокко чыгарылат.

Кытайга сапар тарткандар 48 саат мурда жасалган CОVID-19 ПЦР-тестинин жыйынтыгын көрсөтүп, учакка түшкөндөн тарта беткап тагынышы керек. Өлкөгө жеткенде обсервациядан милдеттүү түрдө өтүү талаптары жокко чыгарылат.

Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү карантиндик катаал шарттарга каршы болгондор нааразылык акциясына чыккан.

Бээжин мындан кийин COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришип, көп өтпөй өлкөдө ооругандардын саны кескин көбөйгөнү кабарланууда.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алганын жазган.

Бул маалыматтан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирген. Бирок өлкөдө 25-декабрдан бери вирусту жугузуп алгандар тууралуу расмий статистика ачыкка чыга элек.

Кырдаалдан улам Жапония баштаган айрым мамлекеттер Кытайдан келген адамдардын саламаттыгын текшерүү чараларын киргизди. (TSh)

XS
SM
MD
LG