Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Уран казуу боюнча ишкана Кыргызстанды эл аралык арбитражга берди


Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.
Уранды иштетүүгө каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Вашингтондо жайгашкан Инвестициялык талаштарды жөнгө салуучу эл аралык борбордун (ICSID) сайтында International Mining Company Invest inc компаниясы Кыргызстандын уран казууга тыюу салганына байланыштуу арбитражга кайрылганы кабарланды.

Уюмдун сайтында Кыргызстан 2020-жылы 1-январдан тартып өлкөдө уран казууга тыюу салынганына байланыштуу чет өлкөлүк компания (АКШ) лицензиясынан ажырап калганы айтылат. Доонун төлөмү 63 миллион доллар деп эсептелген.

Буга чейин Кыргызстандын Юстиция министрлиги бул маалыматты жергиликтүү медиа каражаттарына тастыктаган. 2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG