Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Ош мэри таза суу маселеси эки жылда чечилерин билдирди


Ош шарынын борбордук бөлүгүндө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл.
Ош шарынын борбордук бөлүгүндө сууга кезек күткөндөр. 22-май. 2022-жыл.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Ынтымак" телеканалына курган маегинде калаада таза суу маселеси долбоор боюнча эки жылдан кийин толук чечиле турганын билдирди.

Мэрдин айтымында, ага чейин таза суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлөт.

“Долбоор менен болгондо эки жыл ичинде чечилет. Мен келерим менен тийиштүү кызматтар менен сүйлөшүп, мэриянын каражаты менен суу өчкөн убакта шаардыктарды суу менен камсыз кылуу чаралары көрүлөт”, - деди Жетигенов.

Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын дарыя ылайланып, суу берүү убактылуу токтотулат. Айрым учурда эки-үч күнгө чейин суу берилбей калат.

Көйгөйдү чечүү үчүн буга чейин эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн. доллар грант катары берилген, бирок маселе чечилген эмес. 2022-жылдын август айында Ош мэриясы таза суу маселесин чечүүгө 250 млн. сомдук тендер жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG