Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Орусиянын чабуулунан кийин Киевде электр жарыгы өчтү


Орусиянын чабуулунан Киевде энергетикалык инфраструктура жабыркады. Шаардын мэри Виталий Кличко Телеграмга жазгандай, жарык өчүп, жылуулук берүүдө кыйынчылык жаралды.

2-январга караган түнү Киевде жана бир катар аймактарда жардыруулар болду. Кличко абадан коргонуу күчтөрүнө таянып билдиргендей, түн ичинде шаарга 40 дрон чабуул койгон. Калаа башчы алардын көбү жок кылынганын жазды.

Херсондун бир бөлүгүндө жарык өчтү. Социалдык түйүн колдонуучулары Кировоград облусунда жана Запорожьеде жарылуу болгонун кабарлашты.

Украин өкмөтү 2-январга караган түнкү чабуулда Орусия Киев шаарын ирандык "Шахид" учкучсуз учактары менен аткылаганын айтууда. Орусия буга комментарий берген жок. Согуш маалында мындай маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.

Орус аскерлери октябрда Керч кысыгындагы көпүрөдөгү жарылуудан кийин Украинанын маанилүү инфраструктурасына чабуул коюуда. Көпүрөдөгү жарылуу үчүн Москва Киевди айыптап келатат. Декабрдын ортосунда электр жетишсиздигинен улам “Укренерго" өзгөчө кырдаал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG