Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Залужный: Украина Орусия басып кирген жерлердин 40% бошотту


Валерий Залужный
Валерий Залужный

Украина орус аскерлери 2022-жылдын 24-февралынан бери басып алган аймактарынын 40 пайызын бошотту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный билдирди.

"Украинская правда" басылмасы жазгандай, 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу баяндама жасаган Залужный согуш башталгандан бери 100 миңден ашуун орус аскери набыт болгонун кошумчалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда Украинадагы согушта 6 миңдей жоокер курман болгонун расмий тастыктаган. Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, согушта 10 миңден ашуун орус жоокери набыт болгонун аныкташкан.

Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, расмий Киев былтыр согуш жүрүп жаткан аймактардан 600 миң адамды эвакуациялаган.

Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.

XS
SM
MD
LG