Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Евробиримдик Кытайга COVID-19га каршы акысыз вакцина сунуштады


Кытайда тартылган сүрөт.
Кытайда тартылган сүрөт.

Европа Биримдиги Кытайга COVID-19га каршы акысыз вакцина сунуштады. Мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алууда Бээжинге жардам берүү максатында кабыл алынганын британиялык Financial Times гезити жазды.

Бул демилге Евробиримдиктин саламаттык сактоо министрлеринин 3-январда өтчү жыйынына бир нече күн калганда көтөрүлгөн.

Евробиримдикте өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү келишимдердин алкагындагы ири буюртмалардан улам вакциналардын ашыкча запасы бар. Кытай бул сунушка азырынча жооп кайтара элек.

Кытай эмдөө өнөктүгүндө өздөрүндө жасалган Sinovac жана Sinopharm вакциналарын колдонот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2022-жылдын 21-декабрында Кытайда вакцина жетишсиз экенин билдирди.

Жергиликтүү вакциналар оорунун оор өтүшүн алдын алуу үчүн үч дозаны талап кылат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 80ден ашкан кытайлардын 40% гана эмделген. Европа Биримдигиндеги улгайгандардын 83% толук эмдөөдөн өткөн.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам, жаңы жыл алдында бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өттү.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алганын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG