Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Маданият министрлиги филармониянын жетекчиси алмашпаганын билдирди


Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жетекчилигинин алмашканы тууралуу маалыматты четке какты.

Бул тууралуу министрлик Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев улуттук филармониянын жетекчилигине дайындаларын жазып чыгышкан.

Министрлик коомчулукту такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Азамат Болгонбаев учурда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору.

Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияны Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргызбай Осмонов 2013-жылдан бери жетектеп келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG