Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Машарипов Роналду менен 7-номурду талашпаганын билдирди


Сауд Арабиянын "Ан-Наср" командасынын жарым коргоочусу, теги өзбекстандык Жалалиддин Машарипов командага жакында кошулган атактуу футболчу Криштиану Роналдуга "номурун бергиси келбей жатат" деген маалыматты четке какты.

Машарипов Инстаграмдагы эфиринде Роналду тууралуу айткан сөздөрүн маалымат каражаттары туура эмес чечмелегенин билдирди.

"Жаш кезде Роналдуну көрүп жүргөнбүз. Бир командада болобуз деп такыр ойлогон эмесмин. Мен 7-номурда ойнойт элем. Ал келип менин номурумду алды. Бул жагы өзүнчө тарых",- деген ал.

Sports.uz басылмасына берген комментарийде Машарипов Роналду менен номур талашпаганын, "Ан-Насрда" футбол жылдызынан көп нерсе үйрөнүү ниетин айткан. Мындан ары ал 77-номурда ойнойт.

Машарипов менен Роналдунун ортосунда номур талаш болбогонун клуб президенти Мусалла Ал-Муаммар да билдирген.

Дүйнөлүк футболдун жаркын жылдыздарынын бири Криштиану Роналду былтыр 30-декабрда "Ан-Наср" клубу менен келишимге кол койгон. Келишимдин мөөнөтү 2025-жылдын жайында бүтөт.

Сауд Арабия командасына трансфер болгонго чейин Роналду Британиянын "Манчестер Юнайтед" клубунда ойногон. Ал жактагы келишими ноябрда мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG