Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

COVID-19дан улам Кытайда крематорийлер толуп калды


Кытайда COVID-19 кайрадан жапырт жайылып, каза болгондордун саны өскөндүктөн, крематорийлер сөөктөргө толуп кетти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кытайлык сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянуу менен билдирди.

Пекиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынууда.

Bloomberg белгилегендей, Кытайда сөөктөрдү көмүскө кремациялоо бизнеси көбөйдү. Мурда кызмат үчүн бир нече миң юань төлөнсө, оорудан өлгөндөр көбөйгөндө ал он миңдеген юанга өстү. Айрым жерлерде кызмат үчүн 88 миң юанга чейин төлөнүүдө (1 кытай юаны 12 сомдун тегерегинде).

  • Крематорий - сөөктү өрттөп жок кылчу жай.
  • Декабрда Кытайда коронавирус инфекциясына чалдыккандар кескин өскөн. Андан мурун карантинге каршы нааразылыктардан улам өкмөт ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.
  • Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтотту. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG