Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Москвада 6-январдан тартып беш күн катуу суук болот


Москва.
Москва.

Москвада 6-январдан 10-январга чейин катуу суук болуп, абанын температурасы -29° чейин төмөндөйт. Гидрометборбор муну XXI кылымдагы эң суук беш күндүк мезгил катары божомолдоп жатат.

Күндүзгү температура -20° деңгээлинде сакталат. Бул Орусиянын баш калаасындагы климаттык нормадан 15 градуска төмөн.

Адистер катуу аязда үйдө болууну, сыртка чыгарда жакшылап тамактанып, жылуу кийинүүнү сунушташат.

Декабрдын аягында АКШда ызгаардан кеминде 65, Жапонияда бери дегенде 17 адам каза болду. Ондогон адам үшүккө алдырды.

Ошол эле учурда Европада адаттан тыш жылуулук башталды. Январдын алгачкы күндөрүндөгү температура орточо 10-15° болуп жатат. Кээ бир лыжа базаларында дагы эле кар жок.

Адистер аба ырайындагы бул көрүнүштү климаттын антропогендик өзгөрүшү менен байланыштырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG