Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Инклюзивдик бакчада майып бала сабалган окуя иликтенет


Кыргыз милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясы инклюзивдик бакчада майыптыгы бар бала сабалган окуяны иликтей баштады.

"Бул фактыга байланыштуу тергөөгө чейинки иликтөө башталды жана тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул окуя жашы жете элек М.Н. аттуу бала август айынан бери барып жүргөн 5-кичи райондогу инклюзивдик борборлордун биринде орун алганы аныкталды. Учурда териштирүү уланууда", - деп жазылган райондук ички иштер бөлүмү тараткан маалыматта.

Милиция бул окуя качан катталганын тактаган жок. Мунун алдында социалдык тармактарда тарбиячы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап жатканы тартылган кыска видео тарап, талкуу жараткан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 200 миңдей майып адамдын 38 миңдейи 18 жашка чыга элек балдар. Алардын көпчүлүгү жалпы билим берүү мектептерге, окуу жай, бала бакчаларга бара албайт, айрымдары мектеп-интернаттарда, инклюзивдик билим берүү борборлорунда окуйт.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG