Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Өзбекстанда Мирзиёевдин Жаңы жылдык куттуктоосу сынга кабылды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-декабрдагы Жаңы жылдык куттуктоосун орус тилинде баштаганы үчүн социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Ал он күн мурда парламентте өзбек тилинин даражасын көтөрүү жөнүндө сүйлөгөн болчу.

"Озодлик" радиосу жазгандай, майрам алдындагы президенттин куттуктоосу жергиликтүү телеканалдар аркылуу адегенде орус, андан соң өзбек тилинде көрсөтүлдү. Дароо эле Твиттерде жана Фейсбукта мамлекет башчынын орусча сүйлөгөнүн сындаган пикирлер көбөйдү. Жарандардын көбү муну "Кремлге жагынуу жана Москвадан колдоо күтүү" катары сыпаттоодо. Президенттин кеңсеси буга комментарий бере элек. "Озодлик" интернет желесинде мамлекет башчыны сындаган пикирлердин топтомун жарыялады.

Шавкат Мирзиёев 20-декабрда парламенттеги кайрылуусунда улуттук өзгөчөлүктүн символу, руханияттын негизи болгон эне тилге көңүл бурууну күчөтүү маселесине токтолгон.

Мирзиёевдин 2021-2022-жылкы Жаңы жылдык куттуктоосу да биринчи орусча, кийин өзбекче болгон. Бирок анда быйылкыдай сын айтылган эмес.

Мурдагы президент Ислам Каримов бийликте турганда эч качан өзү экрандан элди куттуктаган эмес. Анын куттуктоосун жыл сайын дикторлор телеэфирде алгач орусча, анан өзбекче окуп беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG