Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Жапон өкмөтү Токиодон кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарына акча төлөйт


Жапониянын өкмөтү Токионун калк жыш жайгашкан аймагынан көчүп кеткен үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага миллион иенге чейин (7600 доллардан ашат) акча төлөйт.

Kyodo News жазгандай, бул чара дээрлик 14 миллиондон көбүрөөк адам жашаган борбор калаадагы калктын санын кыскартууга багытталган. Өкмөт жаштардын чоң шаарларга агылышынан улам карылар көбөйгөн жана эмгекке жарамдуулар азайып бараткан башка райондорун "жандандырууну" көздөйт.

Төлөмдөрдү алуу үчүн үй-бүлөлөр Токиодон башка жакка же борбордун тоолуу конуштарына көчүшү керек жана беш жылдан кем эмес жашашы зарыл. Беш жылга жетпей жер которуп кеткендер өкмөт төлөгөн акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү.

Жапониянын бийлиги коронавирустук пандемия учурунда тажрыйбага кирген аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү жана жашоонун сапатына болгон мамиледен улам тургундар шаардан алыска кетүүдөн баш тартпайт деп ишенүүдө. Өкмөт 2027-жылга чейин Токиодон 10 миңдей адам айылга көчүп кетерин божомолдойт.

Төрөттүн аздыгы жана жашоонун узактыгынан улам бул өлкөдө улгайгандардын саны көбөйүүдө. Жапонияда акыркы расмий эсептерге ылайык, 100 жашка жеткен 90 миңден ашык адам жашайт. 1963-жылы алардын саны 153 гана болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG