Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Түркмөнстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кытайга барат


Кытай менен Түркмөнстандын байрактары. Коллаж.
Кытай менен Түркмөнстандын байрактары. Коллаж.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ушул аптада Кытайга эки күндүк мамлекеттик сапар менен барат.

Расмий Бээжин 3-январда билдиргендей, Бердымухамедовдун 5-6-январга пландалган сапары Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен уюштурулууда. Мындан башка маалымат берилген жок. Ашхабад да бул жаатта эч кандай кабар тарата элек.

2022-жылы февралда Түркмөнстандын мурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердsмухамедов “жаштарга жол ачуу” ниетинде экенин билдиргенден кийин, жазында анын уулу Сердар мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Жайында Сердар Бердымухамедов расмий сапар менен Орусияга, Иранга барган. Күзүндө Казакстага мамлекеттик сапар жасаган. Иш сапар менен Өзбекстанга жана Кыргызстанга келип кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG