Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Өзбекстан Ооганстанга электр берүү келишимин узартты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги электр энергиясын алуу боюнча Өзбекстан менен келишимди дагы бир жылга узартты.

TOLOnews маалымдагандай, министрдин милдетин аткаруучу Абдул Латиф Мансур 2-январда Ташкентке келип кетти. Ал Кабулда жана башка бир катар аймактарда жарыктын өчүшү Өзбекстандын электр станцияларындагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу экенин билдирди.

Министр 2023-жылга электр энергиясы сатып алуу келишимине кол коюлганын айтып, оогандыктарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды. Келишимге кол коюлгандан кийин Өзбекстан Ооганстанга кышкы сезондо 450 МВт электр энергиясын жеткирүү милдетин алган.

Соңку эки айда Кабулда жана башка аймактарда электр жарыгы көп өчүп жатат. Тургундардын айтымында, жарык суткасына эки саатка гана берилүүдө.

Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) улуттук энергетикалык компаниясынын маалыматына ылайык, Өзбекстан 2022-жылдагы келишим боюнча 2,2 миллиард кВт/саат электр энергиясын бериши керек. Келишимдин баасы жылына 100 миллион долларды түзөрү айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG