Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Кадамжай: түтүнгө ууланган алты адамдын өлүмү иликтенип жатат


Милициянын маалыматына караганда, өрт электр жылыткычтарынын айынан чыккан. Иллюстрациялык сүрөт.
Милициянын маалыматына караганда, өрт электр жылыткычтарынын айынан чыккан. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү түтүнгө ууланып мерт болгон окуяны иликтеп жатат.

Милиция тараткан маалыматта кырсык 30-декабрга караган түнү катталганы, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып келгени айтылат.

Алга айылынын 1986-жылы туулган тургуну жаңы салынган үйүндө аялы, үч баласы жана кайын агасынын уулу менен уктап жатканда түтүнгө ууланышкан.

"Үйдү жылытуу үчүн сайылган эки жылыткычтын айынан электр зымдары эрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар өрттөнгөн. Үйдүн ичи түтүнгө толуп, алардын ууланып каза болгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.

Кыргызстанда иске, түтүнгө ууланып каза болгон окуялар буга чейин да катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG