Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Бишкекте жолдорго 200 тоннадан ашык туз себилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы кар калың жаап жатканына байланыштуу жолдорду, эл баскан тротуарларды тазалоо, туз себүү иши жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматта "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 600дөн ашык кызматкери ондогон техника менен 4-январда түндөн баштап иштеп жатканы, учурда 200 тоннадан ашык туз себилгени айтылат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, ​Бишкекте 4-январда түнкүсүн жана түшкө чейин маал-маалы менен кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° болот.

Мунун алдында өлкөдөгү аба ырайына байланыштуу чукул кабар берилген.

5-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку автожолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя автожолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ автожолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жолдо бараткан машинелер ортодогу 500 метр аралыкты так сакташы зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG